Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иллинойс штатында киши колдуу болгон кыргызстандык жубайлардын жана алардын уулунун сөөгү 17-мартта Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу маркумдардын жакындары жана АКШнын укук коргоо органдары менен байланышта. АКШнын укук коргоо органдары тергөө иштери жүрүп жатканы үчүн окуя тууралуу кеңири маалымат берген эмес.
АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болгону тууралуу маалымат 8-мартта белгилүү болгон.