АКШдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинин алдына чогулуп, Тажикстандын бийлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты.
Чогулгандар дүйнөлүк уюмду чек арадагы куралдуу кагылышууну эл аралык иликтөөгө чакырды. Алар БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуу жасашты.
Ушул эле күнү Чикаго шаарында да кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышып, Тажикстанды «кан төгүүнү токтотууга» чакырышты.
Кыргыз диаспоралары Баткендеги куралдуу кагылышууда жабыркагандарга жардам уюштуруу иштерин баштады.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жэнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жетекчилерин ок атышууну токтотууга чакырды.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка караганда, 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 36 адам мерт болду, 134 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.