• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

АКШда трак айдаган кыргызстандык айдоочу аял каза болду

16 Баш оона 202417:59 Бишкек Govori.TV

АКШнын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгында 1986-жыл туулган Б.С. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин маркумдун сөөгү мекенине жеткирилет.

Америкалык медианын маалыматында, аталган жолдо оор жүк ташуучу унаа катышкан кырсык 2 күн мурда катталган. Анда айдоочу тракты буруп жатып, даракты сүзүп алып, унаасы күйүп кеткен.

Количество просмотров: 1405