АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, мамлекеттик катчы Блинкен Орусиянын “Украинага атайылап, эч кандай себепсиз жана негизсиз чабуулун кескин айыптап, Украина эли менен чексиз тилектештигин” билдирди.
Мындан тышкары Блинкен АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки тараптуу алакасына 30 жыл болгонун эске салып, Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткан. Ошондой эле регион менен “C5+1” форматындагы кызматташтыктын маанисин белгилеген.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбор Азия менен АКШнын тышкы мекемелеринин ортосунда “C5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөнүн, анда Украинадагы кырдаал талкууланганын билдирген. Маалыматка ылайык, бул жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын кубаттап, тараптарды натыйжалуу диалогдун жаңы форматын табууга чакырган.