• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

АКШнын президенти ант берип, кызматына киришти

21 Үчтүн айы 2021 9:01 Бишкек Govori.TV

АКШнын жаңы шайланган президенти  Жо Байден ант ант берип кызматына киришти.

 Мааалыматка ылайык, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарып, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду. Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык уюмуна мүчөлүгүн калыбына келтирет, Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат, Кыргызстан, Сирия, Иран, Ливия жана башка ондон ашуун мамлекеттин жарандарына иммиграциялык визага киргизилген чектөө жокко чыгарылат.

Белгилей кетсек, Байден 78 жашта. Ал демократ жана мурдагы вице-президент Жо Байден АКШнын 46-президенти. 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.

Количество просмотров: 91