Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Жайлообай Нышанов ант берди. Ал «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде катталган.
БШК 16-декабрдагы жыйынында ушул эле партиядан депутат Чынберди Төлөнов өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин, бош калган мандатты Жайлообай Нышановго берүү чечими кабыл алынган.