• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аксы районунда жер көчтү

21 Жетинин айы 202412:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматка ылайык, жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 куб метрди түзүп, унаа жолго жеткен. Айыл тургундарына, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.

Количество просмотров: 185