• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

25 Кулжа 202612:53 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда Hyundai Sonata менен Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы билдирди.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган К.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылып, куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылды.

Маркумдун сөөгү андан ары КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 116