• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аксыда 7-класстын окуучусу көз жарды

1 Чын куран 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жетинчи класстын окуучусу көз жарганы боюнча облустук милиция териштирүүнү баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында «102» кызматына чалып, 2007-жылы туулган өспүрүмдүн төрөгөнүн билдирген.

Бул маалымат Аксы РИИБдин маалымат каттоо электрондук журналына «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен катталган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 494