• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аксыда маралдар айыл аралап жүрөт

3 Бештин айы 2018 17:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.11.2018. Govori.TV
Аксы районунун Авлетим жайлоосуна ушул жылдын жай мезгилинде Нарындагы коруктан алынып келген маралдар айыл аралап жүрөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Кундуз Усупбаева билдирди.
Анын айтымында, маралдар кароосуз калгандыктан айыл аралап жүрөт.
«Авлетим жайлоосуна коё берилген маралдардын экөө айылга келип калган экен. Алар кароосуз калгандан улам келген болушу мүмкүн. Маралдардын айыл аралап жүрүшү кооптуу», — деди ал.
Ал эми маралдарды алып келүүнү демилгелеген Гамал Сооронкулов андан коркууга негиз жок экенин айтат.
«Айылды аралап келип калганы чын. Аны бир нече жолу жайытка жеткиришти. Бирок ал Нарында жүргөндө адамдарга көнүп калган экен, ошол себептен адам бар жерге келүүдө. Азыр биз аны кышы менен айылда кармасакпы деп сүйлөшүп жатабыз», — дейт Г.Сооронкулов.
Буга чейин «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун жетекчиси Гамал Сооронкулов Батыш Тянь-Шань тоолорунда маралдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, ошондуктан маралдарды кайтаруу багытын көздөгөн долбоор жазышып, ал колдоо тапкандыгын билдирген.
Кийинчерээк Авлетим айыл аймагына Нарын коругунан 9 баш марал алынып келип, коргоого алынган.

Булак: Turmush
Количество просмотров: 31