• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нарында айыл өкмөт башчылары аттестациядан өтүүдө 

24 Үчтүн айы 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-январда Нарын облусундагы айыл өкмөттөрдүн башчылары аттестациядан өтүүдө.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аттестациянын жүрүшүндө облустагы 63 айыл өкмөтүнүн башчыларынын билим деңгээлине, ишти алып баруу жөндөмүнө, аракетине баа берилет.

Облус башчысы Алтынбек Эргешов аттестациянын башында айыл өкмөт башчылары менен баарлашып, аракети, билим, тажрыйбасы мол айыл жетекчилер текшерүүдөн жакшы өтөрүнө ишенерин билдирди.

Аттестациянын жыйынтыгы эртең, 24-январда чыгарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарында өнүгүүнүн бир жылдык пилоттук долбоору иштей баштаган. Айыл өкмөт башчыларын аттестациядан өткөрүү аталган долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 65