• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аксыдагы «коронавирус менен ооруган жокмун» деген аял боюнча министр түшүндөрмө берди

5 Чын куран 2020 11:18 Бишкек Govori.TV

Аксы аймактык ооруканасынан айыгып чыккан 45 жаштагы аялда коронавирус болгон жана ага дары-дармек берилип ооруканада дарыланган. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айтып, түшүндүрмө берди.

«Мен ооруканадан чыккандарга кайрылат элем, объективдүү маалымат беришсе. Менде оору жок болгон деп айтыптыр. Оору клиникалык түрдө байкалбаса да вирус организмде жүрөт. Ал айланадагылар үчүн кооптуу болот. Адам ооруганын сезбесе да анын организминде вирус болот. Ал ооруканага жаткырылган, дары берилген. «Мага дары берген эмес» дейт. Ал чындыкка дал келбейт. Урматтуу бейтаптар сүйлөп жатканда ойлонсоңуздар. Чындыкты айтыш керек. Эгер оору, оорунун козгогучу болбосо аны ооруканага жаткырып, дарылоонун бизге кандай кызыкчылыгы бар», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 4-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 24-25 жаштагы эки жаш жигит жана Аксы аймактык ооруканасынан 45 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Бирок ошол эле күнү социалдык тармактарда «Аксыдагы коронавирустан айыгып чыкты деген аял менмин, бирок мен ал оору менен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун, болгону 14 күн карантинде жатып чыктым» деген аялдын видеосу тараган.


Количество просмотров: 13886