Урмат Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Эске салсак, 13-январда Жогорку Сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди актоо өкүмүн чыгарган. Самаев 2023-жылдын 17-апрелинде «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Ал 19-апрелде УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, 29-апрелде үй камагына чыгарылган.