• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот актер Михаил Ефремовду мөөнөтүнөн мурда шартуу түрдө абактан бошотту

25 Жалган куран 20259:45 Бишкек Govori.TV

24-мартта Орусиянын Белгород облусунун Алексеевский райондук соту актер Михаил Ефремовдун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

Соттун токтомунда ал абактан чегерилген мөөнөттөн 2 жыл, 9 ай эрте чыгары белгиленген.

2020-жылдын 8-июнунда Ефремов мас абалында машине айдап баратып, Москвадагы Садовое кольцодо кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен Сергей Захаров аттуу айдоочу каза тапкан. 2020-жылдын 8-сентябрында Москвадагы Пресненск райондук соту Ефремовду сегиз жылга жалпы режимдеги колонияга кескен.

22-октябрда Москва шаардык соту анын жазасын 7,5 жылга кыскарткан.

Количество просмотров: 185