• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Активист Асет Абишев 15 суткага камалды

7 Баш оона 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Алматынын административдик соту оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү, активист Асет Абишевди 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу #АктивисттерЭкстремистЭмес тобу билдирди.

Буга чейин аталган топтун мүчөлөрү укук коргоо кызматкерлери күч колдонуу менен Асет Абишевди кармап кеткенин билдиришкен. Полиция бул боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Маалыматка караганда, активист быйыл 5-майда Алматы акимчилигинин Юстиция башкармалыгынын алдындагы «уруксатсыз митингге катышууга» күнөөлүү деп табылды. Тарапташтарынын айтымында, ал күнү активист башкармалыкка «Алга, Казакстан!» партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү катары партияны каттоодон өткөрүү арызына кол койгонун далилдөө үчүн барган.

Күн мурун сот ушундай эле айып менен аталган топтун мүчөсү Бибигүл Имангалиеваны да 20 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Активисттер соттун соңку чечимдерин «Алга, Казакстан!» партиясынын 9-августка белгиленген конференциясы менен байланыштырып жатышат.

Демилгелүү топ бир нече айдан бери Юстиция министрлигине арыз берип, оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясын каттоодон өткөрүүгө аракет кылууда. Бирок мекеме тапшырылган документтер талапка жооп бербейт деген жүйөлөр менен баш тартып келет. Активисттер бийлик партияны «саясий себептерден улам» каттоодон өткөрбөй жатат деп эсептөөдө.

Количество просмотров: 84