• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Активист, Айбек Мырза: «Президенттин эл жана активисттер менен жакындан иш алып барам дегени жакшы саамалык»

15 Баш оона 201816:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Улуттук кеңештеги Президент Сооронбай Жээнбековдун пикирин бейөкмөт уюмдар, активисттер колдоп пикирлерин билдирүүдө.
Бүгүн бизге жарандык активист, “Жаңы –Муун” кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза өз пикири менен бөлүштү.
“Негизи бул жакшы саамалык, президентибиз ачык болуп, эл менен, активисттер менен жакындан иш алып барам дегени өтө кубанаарлык десем болот. Мурунку айрым президенттербизи жарандык коомдордун пикирин туура кабыл албай, өзүнүкүн гана колдоп келсе, мына бүгүнкү күндө азыркы президентибиздин алардын сунушун кабыл алып жатканы жакшы башат, калыстык десек болот”,- деди жарандык активист.

Количество просмотров: 50