• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Активист Киркоровдун концертине каршы пикет өткөрдү

3 Жетинин айы 202221:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн активист Өндүрүш Токтонасыров Спорт ордосунун жанында пикет өткөрдү.

Митингдин катышуучусу орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун концертине каршы чыкты.

«Путиндин пропогандист ырчысы Ф. Киркоровдун концерти болбосун деген талап менен пикетке чыктым. Аны Европа мамлекеттери кара тизмеге алып, кирип чыгууга тыюу салышканы белгилүү. Ал эми бизде аны май, боорсок менен тосуп алышканы күйбөгөн жерди күл кылат да. Пикет абдан драмалуу өттү. Ажылдаган Бишкектик орус аялдар акциянын аягына чыгууга жол беришкен жок. Мени колдоп келген журналист, жазуучу Замир экөөбүз кетип калууга мажбур болдук. Милиция кызматкерлери РОВДга салып кетүүгө даяр турушту», — деп жазат ал.

Количество просмотров: 102