Бишкектеги Биринчи май райондук соттун чечими менен президент Садыр Жапаровдун мурдагы пикирлеши, активист Мелис Аспеков эки айга камалды.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Аспековго Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (кылмышка даярдык көрүү) жана 278-берене (массалык башаламандыктар) менен айып таккан.
Мунун алдында социалдык тармактарда Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган.
ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.