• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Активистер куугунтук болуп жатканын айтып чыгышты

27 Бирдин айы 2021 20:57 Бишкек Govori.TV

“Баштан башта!” жарандык кыймылы аларга карата куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Бүгүн, 27-февралда кыймылдын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына “Ачык куугунтуктоо башталды!” деген билдирүү жарыяланып, Бишкекте уюштурган иш-чарасына күч кызматкерлери катышууга аракет кылышканы сынга алынды:

“Кечээ биз интенсивдүү курс өткөргөн мейманкананын фойесинде атайын кызматтын кызматкерлери отурушкан. Алар ал жерде бир топ убакыт болушту да, акырын кетип калышты. Ал эми бүгүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери тренинг өтүлүүчү бөлмөгө кирип, угуп отурууну суранышты. Биз укук коргоо кызматынын элди коргоого багытталган иштерин колдойбуз. Тынчтык жүрүштөрдө алар ар дайым чагымга жол бербөө үчүн бизди коштоп жүрүшөт. Бирок бүгүнкү окуяны саясий себептерден улам биздин активдүү жарандык позициябыз үчүн куугунтуктоо деп эсептейбиз”.

Кыймыл “Сания Токтогазиевага психологиялык басым жасоо аракеттери биздин укуктарыбыздын жана эркиндиктерибиздин бузулушу деп эсептейбиз!” деп да белгиледи жана уюмдун иши тууралуу бардык маалыматтар ар дайым ачык экенин белгиледи.

Укук тартибин коргоо органдары кыймылдын бүгүнкү билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

“Баштан башта!” кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келет.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылганы 27-февралда белгилүү болду.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов 4-февралда парламентте сүйлөп жатып Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептей турганын айткан жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров инаугурациясынан кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлерин, жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, таза иштөөгө, мурдагы бийликтердин катасын кайталабоого чакырганын айткан.

Количество просмотров: 486