Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы жакында эле Түркияда операция жасатып келген. Ал SUPERTV каналына маек куруп, уулунун өлүмүнө себепкер адамдардын барын кечиргенин айтты.
«Уулумдун арбагы үчүн барын кечирдим» дейт аквапаркта каза болгон окуучунун апасы
Асел. Ал эч кимди сотко бербөөнү чечкен. Себеби экинчи баласы жолдошунун колунда.
«Бир жылдан бери тирүү баланы сагынып, көргөнгө зар болуп жашаган кандай экенин билем. Ошончо адамдын энелери, балдары бар. Бир эненин мага окшоп калышын, Атайдай болгон балдардын атасын күткөнүн каалаган жокмун. Кайсы бир үй-бүлөдө Атай деген бир бала үчүн атабыз камакта деп сөз болуусун каалабадым. Укук коргоо органдары дароо чара көрүштү. Бирок уулумдун арбагы үчүн, Кудай үчүн, өзүмдүн тынч жашоом бул теманы жаптым. Мен бардыгы менен соттошуп, соттон жеңип чыксам дагы утулуп калгам. Акыйкат изде дешти, чындык бир эле — Атай жок, келбейт», — деди ал.