• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Аквапарктагы баланын өлүмү боюнча куткаруучу камалды

12 Кулжа 202216:43 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш иши “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренелери менен козголгон.

Андан тышкары, кырсыкка байланыштуу аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иш жеке көзөмөлгө алынган.

Эске сала кетсек, 6-июнда №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу «Ала-Тоо» аквапаркындагы бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Количество просмотров: 503