• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты: «Сапар Исаков жалгыз эмес команда менен иштеши керек!”

26 Бирдин айы 2018 10:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV

“Сапар Исаков мурдагы  өкмөт башчыларына караганда иштегенге чындап аракет жасап жатат, бирок, ал жалгыз эмес командасы менен иштеши керек!”. Бул тууралуу Govori.TVнын “Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгына жарым жыл толду, ишмердигине ичиңиз чыгабы?” деген суроосуна  ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов жооп берип жатканда айтты.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, Сапар Исаков баштаган өкмөттөгү айрым министрлер өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошпой, артка тартып жатат. “Сапар Жумакадыровичтин көп убактысы президенттик шайлоого кетти, андан кийин ТЭЦтеги авария да шаштысын алды. Ошентсе да ал иштегенге чындап аракет кылып жатат, бирок, анын кээ бир министрлери таптакыр эле иштей албай же иштегиси келбейт көрүнөт. Мисалы, айыл чарба министрлигинде 6 миңге чукул киши эмне иш кылып жатканы белгисиз, элетке барсаң фермерлер менен дыйкандар өздөрү министрликтин ишин жасап чуркап жүрүшөт. Реформадан кабары жок токтоп турган дагы бир министрлик-социалдык өнүктүрүү министрлиги.  Иштин натыйжасы тургай, жаңычыл бир кадамды көрө алган жокмун. Экономика министрлиги, энерго холдингде да иш жок, Өкмөт башчы буларды катуу көзөмөлгө алышы зарыл. Ал эми өндүрүш тармагы такыр эле каралбай калды,  өндүрүштү жылдырабыз дешет, бул тармакта бир комитеттин төрагасынын орун басары он кишиси менен отурса, кантип иш жылат?”,-дейт депутат.

Ошондой эле ал Сапар Исаковдун айрым иштерин жарандардын күмөндүү суросун жаратып калганын айтты. “Мисалы, “Акылдуу шаар” деген долбоорду эч кандай тендери жок эле, “Хуавей” компаниясына берип койду. Азыр аэропортторду да түрк авия компанияларына бир тараптуу эле ыйгаруу алдында турат. Мындай түз келишимдердин аягы кандай болоорун ТЭЦ көргөздү. Коомчулукта «эмнеге буларга эле берип койду, башка атаандаштыккка ачык конкурс болгон жок?»деген суроолор калып калды»,-деп билдирет парламентарий.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков  2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында 96 добуш менен КРнын Премьер-министри болуп шайланган.

Количество просмотров: 26