• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«6 айдан бери мыйзамсыз камактабыз». Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар ЖК депутаттарына кайрылуу жолдоду

10 Чын куран 2023 14:36 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу кайрылуу абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун фейсбук баракчасына жарыяланды.

Аларөз кайрылуусунда, депутаттарды Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын маселесин ЖКда көтөрүп маалымат алып, ММКнын катышуусунда ачык жыйын өткөрүүгө чакырышкан.

Кайрылууну төмөндө толугу менен беребиз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына
Урматтуу депутаттар,
Биз Кемпир-Абадчылар алты айдан бери мыйзамсыз камактабыз. Бизди “Зомбулук, талкалоо, өрттөө, атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды колдонуу менен массалык баш аламандыкты уюштурууга” күнөөлөп, кылмыш жаза кодексинин 275-беренесинин 1-бөлүгү боюнча камашкан.
Президент С. Жапаров өзү дагы Курултайда “миллиондогон доллар келген”, “портерлер менен ташымак”, “бийликти басып алабыз дешкен” деп айтканы эсиңерде болсо керек.
Алты ай өттү. ИИМ бирөөбүздүн дагы курал, жарылуучу зат же миллион доллар эмес, бир сом дагы таба алган жок. Биздин аракетибизде кылмыш курамы жок экени далилденди.
ИИМ айласы кеткенде, биздин 2-3 жыл мурдагы постторубузду, мамлекеттик, көз каранды эксперттерге берип “С. Жапаровтун кадыр-баркына шек келтирген”, “баш аламандыка чакырык жасаган” деген тыянак чыгартып, бизди таптакыр башка “кылмышка” күнөөлөй башташты. ИИМ “уюштуруучулар” деп камашып эми “чакырык жасаган” дегенге өттү. Тергөө өздөрүнүн мыйзам бузуусун ушул жол менен жаап жашырууда.
Урматтуу депутаттар,
Мамлекетти мамлекет катары кармап турган баалуулуктар-мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк. Өлкөдө булар сактанбаса мамлекеттин дагы, бийликтин дагы келечеги болбойт.
Биз, президентке тегерегиндеги бирөө Кемпир-Абадчылар боюнча жалган маалымат берип, бизди каматып, атайылап уят кылды деп ойлойбуз. Ошол жалган маалыматты С.Жапаров Курултайда бүт дүйнө жүзүнө жарыя кылды. Ошол жалган маалыматка таянып, С.Жапаров ИИМге, бизди камоого буйрук берди.
Урматтуу депутаттар,
Президентке жалган маалымат берген адам, тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор президентти өлкө ичинде гана эмес, дүйнө жүзүнө уят кылды. Саясий опоненттерин, укук коргоочуларды, активисттерди жана журналисттерди жалган маалыматка ишенип каматты.
Силерден, ИИМ жетекчилерин, тергөө тобун Жогорку Кеңешке же фракцияларга чакырып, журналисттердин катышуусу менен ачык угуу жасап, С.Жапаровго ким жалган маалымат бергенин, бизге карата кандай далилдер бар экенин мыйзамга ылайык беришиңиздерди суранабыз.
Ошондой эле, өлкөдө тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор чексиз корупцияланды, адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту тебелеп тепсешти. Жарандарыбыздын тагдырларын талкалашууда.
Биз Жогорку Кеңештен, президенттен сот системасынын жана укук коргоо органдарынын чыныгы реформаларын кылышыңарды суранабыз.

Количество просмотров: 63