• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024
сүрөт sputnik.kg сайтыныкы

Акыйкатчынын Орусияга жолдогон катына жооп болду

22 Жалган куран 2018 12:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03. 2018.  Govori.TV
КРнын Акыйкатчысынын катына ылайык Орусия Федерациясынын адам укуктары боюнча атайын толук ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Рязан облусундагы кыргыз жарандарынын жагдайы менен таанышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, Татьяна Москалькова 20-мартта катта көрсөтүлгөн Рязан облусундагы тигүү фабрикасына барып, суткасына 13 саат иштеп, укуктары тебеленип жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, абалды көзөмөлүнө алганы айтылат.
“Прокуратуранын өкүлдөрү,  Тергөө комитетинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен бирге Татьяна Москалькова фабиркада болуп, андагы кыргызстандык жарандардын укуктарынын бузулушу боюнча маселени териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алды”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын 5-декабрында Орусия, Армения, Иран жана Кыргызстандын ортосунда Евразиялык Акыйкатчылардын альянсын түзүү боюнча Меморандум кабыл алынган.
Количество просмотров: 27