• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Куугунтуктагы саясатчылардын жакындарын ЖК кабыл алат

11 Чын куран 2018 8:50 Бишкек Govori.TV

Бикшкек 11.02.2018. Govori.TV

Экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин бийлик режиминин тушунда саясий куугунтук жеп, абакка түшкөн саясатчылардын жакындары бүгүн ЖКда депутаттар менен кезигет. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубаныч Кадыровдордун жакындарын депутаттар Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Алтынбек Жунус уулу, Каныбек Иманалиев баш болгон депутаттар кабыл алып, сот, прокуратура жана УКМК тарабынан болгон саясий кысымдар, мыйзамсыз тергөөлөр менен соттук чечимдер талкууга алынмакчы. Жолугушуунун аягында, сот, укуктук органдардын ишиндеги кемчиликтер белгиленип, Президентке, Коопсуздук Кеңешине атайын кайрылуу жолдонот.

Чакырылгандардын арасында экс-президенттин учурунда соттук кысымдарга дуушар болгон журналисттер Дайыр Орунбеков, Дина Маслова, Нарын Айып жана башкалар да бар. Ошондой эле Аида Салянованын дагы келиши күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, ушул эле күнү ЖКда Башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча Президенттин өтүнүчү палатада каралат.

 

Количество просмотров: 39