Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды.
Жаңы жагдайларды жана тенденцияларды эске алуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.
«Зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын тыгыз иш алып баруусу өтө маанилүү. Алсак, сот адилеттигине жетүү, адилет соттук териштирүүнү жүргүзүү», — деди Жаманбаева.
Акыйкатчы көпчүлүк учурларда, адам сатуунун курмандыгына калктын аярлуу катмары кабылып жатканын эске салды. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыз кылуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
Өзгөчө коркунучта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары, жетим балдар, жарым жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кары-картаңдар.
Алар ошондой эле, кулчулукка, сексуалдык эксплуатацияга, мажбурлап иштөөгө жана башка оор турмуштук кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тарабынан мындай жүрөктү ооруткан фактыларга бөгөт коюлушу керек.
«Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж», — деп белгиледи Акыйкатчы.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери БУУнун Баңгизат менен күрөшүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта Чолпон-Ата шаарындагы туристтик милиция кызматкерлерине жана эс алуу үйлөрүнө адам сатуу көйгөйү тууралуу билимин жогорулатуу максатында тренинг өткөрүштү.
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча презентациялар өткөрүлдү:
Туристтик милициянын жана пансионаттардын кызматкерлерине Акыйкатчы институтунун 115 ишеним телефонунун номерлери берилди.
Мындан тышкары, бул сессияларда адам сатуунун негизги концепциялары, анын алдын алуу чаралары, атап айтканда, мыйзамдарды өркүндөтүү, адамдарды сатуунун тобокелдиктери жана ыкмалары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, маалымат алмашуу жана тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосундагы аракеттерди координациялоо сыяктуу маселелер талкууланды.