• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Акыйкатчы: Акматов жана Суранова ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген

23 Тогуздун айы 202213:38 Бишкек Govori.TV

Журналист Айданбек Акматов жана Перизат Суранова ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында экени белгилүү болду. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахманова билдирди.

«Адвокаттары жок. Ички иштер министрлиги Институт Омбудсмена КРге расмий Перизат жок деп айтканы — Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө тоскол жаратуу деп баалайбыз. ИИМдин кызматкерлеринин айтканына карабастан, Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов ГСУ МВДга кирип ким бар, ким жогун текшергенде Перизат айымды тапкан», — деп жазды ал.

Буга чейин Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов ички иштер бөлүмүндө укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка» шектелип жатат.

Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкенин билдирген.

Ошондой эле саясатчы Жеңиш Молдакматовду Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени, активисттер Али Шабдан жана Эрлан Бекчоро милицияга жеткирилгени кабарлаган.

Количество просмотров: 209