• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыйкатчы кызматына Турсунбек Акундун талапкерлиги сунушталды

1 Жалган куран 202211:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер өзү боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясы Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун талапкерлигин сунуштады.

Ал эми «Ыйман Нуру» фракциясы БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, Бакыта Узенбаев жана Мамата Момуновдун талапкерлигин сунуштаган.

Эреже боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Эске салсак, мурдагы Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов 18-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 492