• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу өткөрдү

25 Жетинин айы 2023 12:34 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык администрациясынын имаратында болду. Ага 170 тургун келишти.

Эл менен жолугушууга президенттин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Ички иштер башкармалыгынын башчысы, областтын прокуратура органдарынын жетекчилери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тургундардын көбү алардын укуктары бузулганын айтып даттанышты. Негизинен милиция, прокуратура, сот системасынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган укук бузууларды жеринде чечүүнү талап кылды.

Каракол шаарынын жашоочусу 25 жылдан бери акыйкаттыкка жете албай келе жатканын билдирди.

Аялдын айтымында, анын участогун үйү менен Каракол шаардык мэриясы “мамлекеттин керектөөсү үчүн” деп алган. Жана ал мыйзамга ылайык аны турак-жай менен камсыздоо талабы менен көп жылдан бери соттошуп келе жатат.

Президенттин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров аталган маселени өзүнүн көзөмөлүнө ала турганынын жана аялдын укуктарын коргоону камсыздаш үчүн баардык чараларды көрө турганын айтты.

Каракол шаарынын дагы бир жашоочусу тергөө жана сот органдары үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу анын арызын толук карабай коюшканын айтып, анын укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү өтүндү.

“Туугандарым – күйөөм, кызым жана күйөө балам мени байлап жана жер төлөдө кармашты. Бул окуя эки жыл мурда болгон, бирок алар эмдигиче жазасын алыша элек. Ал эми өз маалында чара көрбөгөн тергөө органдарынын кызматкерлери дагы жазаланышкан жок. Болгону күйөөмө карата иш козгошту — сот аны шарттуу жазалоо тууралуу чечим чыгарды. Кайсы жакка кайрылбайын баары тең ары-бери жөнөтүшөт. Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өздөрүнүн билдирмелеринде баардык бузулууларды көрсөтүшкөнүнө карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар кат жазып коюп гана отурушат”, — деп нааразы болду аял.

Областтык прокуратуранын өкүлү “арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн” деп жооп берди.

“Милиция кызматкерлерине карата даттануучунун арызы боюнча баардык чаралар көрүлгөн. Ал эми анын арызы боюнча сот чечим чыгарган”, — деди прокуратуранын кызматкери.

Мындан тышкары, Акыйкатчыга уулунун укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен улгайган аял кайрылды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери “аялды өлтүрдү” деген күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн анын уулун кыйнашкан.

“Аны уруп-сабап, кыйнашкан, басынтышкан — шымын чечип зордуктайбыз деп коркутушкан. Кайда гана кайрылган жокмун — баары жыйынтык бербей жатат, уулумдун укуктарын коргой албай жатам. Сот баламды 25 жылга кести. Укук коргоо органдары уулумдун киши өлтүрүүгө күнөөлүү экенин далилдей албасына көздөрү жеткенде сарайдын чатырына баңгизаты бар капты ыргытып кетишкен.

Мен баламды түрмө үчүн төрөгөн эмесмин. Биздин үйдө иликтөө иштери үчүн тинтип жатышканда эмненин баарын гана уккан жокмун, баарына жемелешип, ал тургай жоолук салынып турсам дагы алар менин зер буюмдарымды алып кетишти”, — дейт аргасы кеткен улгайган аял.

Прокуратуранын өкүлү аялдын кыйноо жөнүндө арызы боюнча текшерүү жүргүзүшкөнүн, бирок бул ишти ырастай алышпаганын айтты.

Акыйкатчы өз сөзүндө Омбудсмен институту өзүнүн мандатына ылайык, КРнын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл алаарын белгиледи.

“Ушул жерде айтылган адам укуктарынын бузулгандыгы боюнча иштерди Акыйкаты институтунун кызматкерлери мониторинг кылып жатат. Мен укук коргоо жана прокуратура органдарын, ошондой эле сот органдарын адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырам”, — деп айтты Акыйкатчы.

Ал ошондой эле Ысык-Көл областынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү бийлик органдары тарабынан адам укуктары бузулган учурларды жеке көзөмөлүнө алат деп ишенээрин белгиледи.

Мындан тышкары жашоочулар жергиликтүү бийлик органдары чече турган бир катар маселелерди айтып чыгышты.

Негизинен алар уй жана жылкыларды унаалар сүзүп кеткен учурлар көбөйгөнүнө кабатыр болушууда.

“Жылкылар жолго чыга калып авариялык абал пайда болгон жол кырсыктары көбөйүп кетти”,-дешти жолугушууга келгендер.

Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү бийлик органдары эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн, мыйзамга ылайык, жол кырсыктарына малдын ээлери жоопкерчилик алаарын эскертише тургандыктарын айтып жооп узатты.

Количество просмотров: 128