КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылындагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Жаманбаеванын тапшырмасы менен Акыйкатчы Институтунун Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен жеринен таанышып келди.
«Тургундардын жашоо-шарты катаал болсо да, жаратылышы кооз, абасы таза, ар бир сайдан агып түшкөн шыңгыр үндүү суулары бар айылын таштагылары келишпейт. Тургундардын көпчүлүгү орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип, катаал шарттардан улам, айылга кайтып келгилери келбейт. 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө. Айыл тургандары үчүн оорукананы мындай коюп, медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет. Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат. Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз. Ар бир предмет боюнча бирден гана үлгүдөгү китептер бар. Балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес. Ал эми, Зардалы айылындагы мектеп бир канча убактан бери директору жок иштеп жатат. Ошондуктан, Зардалы эли Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин карап көрүүнү сунуштоодо», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалангандай, кадр маселесиндеги көйгөй фельдшердик акушердик пунктунда (ФАП) дагы бар.
Дарыгердин жоктугунан зардалылыктардын жалгыз медициналык түйүнү да жабык турат. Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрылышат.
«Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам», — деди Акыйкатчы.
Иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу кат жөнөтүлдү.