• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акыйкатчылык камактагы журналист Шерипбаевадан кабар алды

18 Жетинин айы 2023 22:39 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун тиешелүү адистери журналист Гулжан Шерипбаева менен СИЗО-1ден жолугушуп чыкты. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Шерипбаева өзүнө коюлган дооматтарга макул эместигин айткан.

«Алардын айтымында, эч кандай кыйноо белгилери жок, ден соолугуна байланыштуу маселе жок. Иш боюнча адвокаттар анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жогорку инстанциядагы сотко — шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылат турганы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева журналист Гүлжан Шерипбаеванын ишин жеке көзөмөлүнө алганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 111