Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева камакта калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен айыпталуучу Ш.Г.К.га карата Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган. Анда 1-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Буга чейин Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришкен.
Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында Фейсбуктагы баракчасына жазган.
УКМК анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.