“Келгиле, 2010-жылы өлкө кандай абалда болгондугун эстеп көрөлү. 12-майда Бишкекте митинг…Убактылуу Өкмөт аз жерден чачырап кете жаздаганы эсиңерде болсо керек. 13-май Ош…Августта Урмат Барыктабасов. 2011-жыл бир аз тынчыраак өттү. 2012-жылы «Ата-Журт» коалициядан чыгып, бир нече депутаттары кашаадан секирип, Ак үйдү алууга аракет жасалган. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев… 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Каптагаевди барымтага алышты. Барымтага алуу бул эң оор кылмыш. А түгүл бензин чачышкан. Каптагаев Садыр Жапаровду жазала деп мага бир канча жолу келген. УКМК, прокуратурага кайрылган. Азыр болсо башкача ырдап жатат»…
Атамбаев бул айтканы менен Американы ачып жаткан жок, «Каптагаев өзүнүн Жапаров жөнүндөгү көрсөтмөсүн өзгөртө берет…» — дегенди Бишкек шаардык сотунда судья Жаңыл Мамбеталы да айткан… Анын ушул айткан жалаасы боюнча Жогорку Соттун Тартип комиссиясына арыз менен кайрылып, ал комиссия Садыр Жапаровдун кылмыш иши боюнча он чакты томду карап чыгып Каптагаевдин көрсөтмөлөрү башынан бери бирдей эле экендигин, Каптагаевдин эч кандай Жапаров боюнча арызы жок экендигин тастыктап, Жаңыл Мамбеталыга карата сот-бийлигинин кадыр-баркына, судьянын жогорку наамына шайкеш келбеген тартиптик жосун жасаганы үчүн алдын ала эскертүү жазасы берилген. Бул маселени Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдон жана башка соттун катышуучуларынан сурап билип алсаңар болот”,- деп фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.