• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаев: “Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем”

11 Бештин айы 2018 8:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

“Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем” – деп»Апрель» телеканалына берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында,“каралоо кампаниясы да өзгөчө болду”. “Жакын деп санаган адамдар басып кеткен жок, сатып кетти деп айтат элем. Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиевдин заманында да көргөн эмес элем. Сен айткандай, менден калган мурас деп айтыпкойдуң эми, аны да жок кылгысы бар деп. Чындыгында, аны жок кыла албайт го. Анткени, бир топ курулуштар, долбоорлор ишке ашкан, ал баары бир калат.  Жыл албетте, оор болду. Өзүң айткандай, менижок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок, мен ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан.  Бирок, мен дагы деле Кыргызстандамын. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент белгилегендей, акыркы жыл бир жагынан өтө оор болду. “Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп атам. Анткени, Кудай мага атайлап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды көрсөтүп атат. Кимдин ким экенин көрсөтүп атат. Кыргызда сөз бар “Жамандыкты амандык жеңет” деген. Кандай болсо да, турмуш өз жолу менен кетип атат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута албайт, мени эч ким сындыра албайт. Мен Кудайдан гана корком.

Кудайга шүгүр,тескерисинче, бул жылы көп жакшылык да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп атам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип атат.

Мына быйыл дагы бир неберелүү болдум. Кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага “ээй, Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо”,- деп ушундай кылып жатабы деген ойлоркелип жатат”, — деп Алмазбек Атамбаев кошумчалады. 

Количество просмотров: 14