• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарматова: «Эч кандай куралды көргөн жокмун»

22 Аяк оона 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

Чек ара чырына байланыштуу ЖК тин жабык жыйынында депутат Жусуп Коргонбай уулу атуучу курал асынып чыгып кеткен. Бул тууралуу эл өкүлү Надира Нарматовадан жыйындын жүрүшүндө Коргонбай уулунун эмне үчүн курал алып киргендигин сурап көрдүк. А бирок, бул депутат дагы ачыктаган жок.


«Мен эч кандай куралды көргөн жокмун, көрсөм айтмакмын»,-деп кыскача жооп айтты.


Белгилей кетсек, жабык жыйындан чыккан эл өкүлдөрүнүн маанайы жок жана ачуусу келип калгандай көрүнүүдө.


Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуялар жана азыркы абал бүгүн 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жабык каралууда. Мындай чечимди депутаттар кабыл алган.


Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов айтып берип жатышат.
Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Количество просмотров: 361