• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Орозов Баткенге аким болду

15 Бирдин айы 202115:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Орозов Акылбек Курбанбекович Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жазылат.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Эске салсак, бүгүн мурунку аким Маркаев Каланбек Орозович берген арызына ылайык, ээлеген кызмат ордунан бошотулганы айтылган.

Количество просмотров: 141