• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Акылбек Жапаров биометрикалык паспорттордун басылышын көрдү

23 Теке 202414:06 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү
министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик
персонификациялоо борборуна барды.
Министрлер кабинетинин төрагасына заманбап жабдуулар, эл аралык стандарттарга жооп берген
документтерди даярдоо ишинин сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып беришти.
Андан кийин А.Жапаров “Учкун” ачык акционердик коомуна барды. Анда окуу куралдары
даярдалган цехтерди көрүп чыгып, биометрикалык паспортторду жана башка мамлекеттик
маанидеги документтерди даярдоонун этаптары менен таанышты. Акылбек Жапаров продукциянын сапаты жана ишенимдүүлүгү маанилүү экенин билдирди.


“Мамлекеттик персонификациялоо борбору жана “Учкун” ААК биздин өлкөнүн жарандары
колдонгон документтердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууда негизги ролду
ойнойт. Технологияны өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыздоону
улантуу маанилүү”, — деди ал.


Ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулуктарды мындан ары өнүктүрүүнүн жана
модернизациялоонун перспективалары жана башка актуалдуу маселелер да талкууланды.

Количество просмотров: 93