• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ – бул биздин үй-бүлө

17 Кулжа 2022 22:02 Бишкек Govori.TV

Евразия экономикалык биримдиги – бул биздин үй-бүлө, анын бакубаттуулугу үчүн жалпыбыз кам көрүшүбүз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, интеграциялык бирикменин экономикасына терс таасирин тийгизген тышкы факторлордон тышкары, ички рыноктогу тоскоолдуктар сыяктуу ички факторлор да бар, бул көрүнүштөр менен күрөшүүдө колдонуудагы механизмдерди кайра карап чыгуу зарылчылыгына алып келет.

«Биздин өлкөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндө ойлонушу керек, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинин сотунун бул процесстеги ролун кайрадан карап чыгышы керек. 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти өз сөзүндө биздин уюмду өнүктүрүүнүн жаңы артыкчылыктарын жана келечегин аныктоого жөндөмдүү толук кандуу Өнүгүү институттарын түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылчылыгына басым жасаган», — деди Акылбек Жапаров жана экономикалык өз ара аракеттенүү менен катар биздин бардык өлкөлөрүбүздүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизген социалдык күн тартибин кеңейтүү зарылдыгын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин башчысы бириктирүүчү идеяларды табуу маанилүү экенин белгиледи. 

«Бириктирүүчү идеяларды издөө жөнөкөй эле себеп боюнча да токтоп калбашы керек – ал бизди өз камы, каалоо, кооптонуу жана келечекке карай ишенимге ээ адамдардын бирдиктүү коомчулугу катары кармап турган терең катмарларга өз таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берүүчү эбегейсиз чоң жаратман күчкө эгедер. Инсанга мүнөздүү нерсе — тил, маданият, дин аркылуу бириккен коомчулуктан турган өлкө үчүн да мүнөздүү. Чаканбы, же көлөмдүүбү, ал мааниге ээ эмес», — деди ал.

Количество просмотров: 191