• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров иш сапары менен Германияда жүрөт

9 Тогуздун айы 202416:33 Бишкек Govori.TV


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мүнхен шаарына барды.

Сапардын алкагында ал Мүнхен шаарында «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтагтын (парламенттин) президенти Ильзе Айгнер менен жолугушууну пландаштырууда.

Белгилей кетсек, бул сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Бул Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча үчүнчү жолугушуу болуп саналат.

Буга чейинки жолугушуулар Гамбургда өткөн жылдын ноябрында жана Франкфурт шаарында ушул жылдын июнь айында болгон.

Количество просмотров: 112