Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-16-октябрда жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын борбору Исламабад шаарына барат.
Иш сапардын алкагында Минкаб башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.