• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаровдун Пакистандын премьер-министри менен расмий жолугушуу аземи өттү

4 Бештин айы 202515:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-декабрда Исламабад шаарындагы премьер-министрдин кеңсесинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды.

Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды.

Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду.

Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.

Количество просмотров: 100