• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Акылбек Жапаров кассалык машиналарды орнотууга убактылуу мораторий киргизди

13 Кулжа 202213:41 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кассалык машиналарды орнотууга 10 күндүк мораторий киргизип, ошондой эле айып пулдар убактылуу токтотулуп турарын айтты.

Жапаров митингге чыккан жарандардын арасынан 10 кишини алып, маселени чечүү жолдорун караштырууна убада кылды.

“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып мага бир фураныкын көрсөтүп койсо мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока коласын” да “Шоросун” да ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага 10 кишини бергиле. 10 күн иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз”, — деди Жапаров.

Количество просмотров: 178