• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акылбек Жапаров Казакстандагы окуяларга байланыштуу көңүл айтты

10 Үчтүн айы 2022 14:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаиловго коңшу республикада орун алган кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.

«Казакстан Республикасынын айрым аймактарында орун алган трагедиялуу окуяларга байланыштуу Жалпы элдик аза күтүү күнүндө Сизге жана бүткүл боордош Казакстан элине Кыргыз Республикасынын министерлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден колдоомду билдирем жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Даанышман, сабырдуу казак эли улуттук ынтымакка жетишип, өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алган чечимдер тынчтыкты, биримдикти, туруктуулукту калыбына келтирүү менен бирге, Казакстан элинин бакубат турмушун камсыз кылат деп ишенемин», — деген ал.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. Башаламандык учурунда бир нече кагылышуулар орун алган жана курмандыктар бар.

Өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган. Антитеррордук операциялар уланууда.

Количество просмотров: 182