• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Султан Раевди кабыл алды

1 Баш оона 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады.

«Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Түркия Республикасында күзүндө өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу иш-чаралары талкууланды. ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алмашуу болду.

Уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата 2023-жылы пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Количество просмотров: 201