• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Жасалма жолугушуу кылсаңар, капа болбогула». Ташиев Баткендеги аткаминерлерди сынга алды

12 Бештин айы 202511:09 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районуна барып, эл менен жолукту. Анын жүрүшүндө Ташиев Лейлек районунун акимине сын айтып, эскертүү берди.

«Спектаклдин кереги жок. Мага эл керек. Жасалма жолугушуу уюштурсаңар, капа болосуңар, айтып коеюн. Эмнеден коркосуңар? Элди чогултуп, сүйлөшүш керек. Алардын маселесин чечиш керек. Атайын таңдан бери жүрөм, эл менен жолугам деп. А силер жолуктурбайсыңар. Төрт адамды коюп коюптурсуңар», — деген Ташиев

Количество просмотров: 124