Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.
Акылбек Жапаров цирктин кызматкерлерине, келген конокторго, цирк жаныбарларына түзүлүп жаткан шарттарды, ошондой эле цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренаны, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты.
Оңдоо иштери менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берип, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага берилбестигин эскертти.
Циркти капиталдык реконструкциялоодон өткөргөндөн кийин, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачуу пландалууда.