• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров “Ынтымак ордодо” алгачкы жыйын өткөрдү

2 Аяк оона 202412:07 Бишкек Govori.TV

КР Президентинин администрациясынын “Ынтымак ордо” жаңы имаратында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алгачкы аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациянын ушул жумадагы иш планы талкууланды.

«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан дилибиз менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Количество просмотров: 131