• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барды

12 Бештин айы 20249:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди.

Жумуш сапардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-13-декабрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка маселелер талкууланат.

Количество просмотров: 108