• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акын Ырысгүл Изатова коронавирус жуктуруп алды

24 Кулжа 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Акын Ырысгүл Изатова коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине айтып берди.

Анын айтымындла буга чейин тамагы ооруп айыккан, бирок көп өтпөй кайрадан ооруп, дене табы көтөрүлүп, алсыраганын сезген. Анын айтымында учурда ал үйүндө дарыланууда, ага атайы бекитилген дарыгерлер келип абалын көзөмөлдөп жатышат.

 «Температурам көтөрүлүп, денем шалдырап, кургак жөтөл болуп, кээде демим кысылып кетип атат. Врачтар мага дарыларды жазып беришти, ошолорду ичип дарыланып атам. Бул илдетке ишенбей атышат, бирок, оору бар экенин элге эскертип кетейин. Баарыбыз сак болушубуз керек. Эч кимге кепилдик жок», — деген ал.

Количество просмотров: 202