Тергөө абагында жаткан акын, журналист Азамат Ишенбеков дүйнө элине кайрылды
Тергөө абагында жаткан акын, журналист Азамат Ишенбеков дүйнө элине кайрылды
15 Тогуздун айы 202410:04 Бишкек Govori.TV
Ленин райондук сотунун чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылган акын Азамат Ишенбеков тергөө абагынан дүйнө элине кайрылып, мыйзамсыз камалганын ыр менен билдирди.
Жашоодогу акыйкат деги кайда? Кулак салып сөзүмө тилимдеги, Күйүтүмдү уккула дилимдеги. Көйгөйлөрдү ыр кылып чагылдырсам, Көөдөндөрү көрлөргө билинбеди. * Жашоодогу акыйкат деги кайда? Жашап калдык кордолуп таппай айла. Желегимдин нурларын сүйөм десем, Жемелешип камашты мени кайра. * Сөз эркиндик жоголуп Мекенимде, Сүрдүк өмүр түрмөнүн этегинде. Соо адамды камашып, буйрук менен, Сот чечими мыйзамсыз экенинде.
Чоңдорумдун ичтери кепке тарып, Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда. Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм, Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан. * Башыңарды бургула дүйнө эли, Бузуку де, саткын де, сүйбө мени. Бийлигине кордолгон силерде да, Биздикиндей кысымдар барбы деги? * Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда, Эркиндиги чектелип тордолууда. Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм, Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан. * Убакыттан кеп эмес айрылганым, Уюткулуу эл үчүн кайрылганым. Уул-кыздарды кордотпой алгылачы, Ушул менин силерге кайрылганым. Эске салсак, Ленин райондук соту Темиров лайв жана Айт айт десе долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист, акын Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды.